• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде балдардын балаты майрамы өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.12.17 /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн мектеп окуучулары үчүн “Балаты-2018” жаңы жылдык майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, облус башчысынын “Балаты” майрамына 120 бала катышты. Алар облустун район, шаарларынан келген окуунун мыктылары, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болду.

Абиш Халмурзаев өз сөзүндө балдарга бекем ден-соолук, тоодой бак-таалай каалады. “Жашооңордун ар бир мүнөтү жомоктогудай кереметтүү жана шаттуу болсун. Акылдуу, чынчыл, адептүү, билимдүү жана мекенчил болгула. “Жаштын тилегин берет” дейт элибиз. Ылайым жаңы жылда тилеген тилегиңер кабыл болсун!”,- деди ал.

Балдарга Баткен облустук “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын артисттери жаңы жылдык жомок коюу менен майрамдык маанай тартуулашты.

Соңунда балдарга облус башчысынын майрамдык сый тамагы уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий