• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде балдардын тамашасынан улам 8 жаштагы бала октон жаракат алды

Коом 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Башкы прокуратура "Кабар" агенттигине Баткен облусунда өспүрүмдүн октон жаракат алганы боюнча окуянын чоо-жайын билдирди.

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, кечээ, 7-августта саат 19:00дөр чамасында "Миң-Булак" чек ара тозотунун нөөмөттөгү жоокери Ж.у.К. "Миң-Өрүк" убактылуу чек ара өтмөгүнүн аймагында турганда анын жанына 8 жаштагы үч бала келген. Жоокер Ж.у.К. алаксый түшкөндө балдардын бири 2013-жылы туулган С.Б. куралды алып, атып жиберген. Натыйжада ок 2014-жылы туулган С.А.К.га тийген.

Аталган факт Баткен облустук ички иштер башкармалыгына каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган, анын жүрүшүндө зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалды.

Мындан тышкары, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан жоокер Ж.у.К.нын аракеттерине карата текшерүү жүргүзүүдө.

КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, учурда октон жаракат алган баланын абалы оор. "Ок баланын ичинин өйдө тарабынан кирип, белинен чыгып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий