• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу тууралуу кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин, зордук-зомбулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарованын жетекчилиги астында координациялык кенешме болуп өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Жыйында балдардын укуктары, ата энелердин милдеттери, тийиштүү мамлекеттик органдардын бул багытта ишмердүүлүгү талкууланды. Ошондой эле алардын ден соолугуна, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү, керектиги белгиленди.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын жыйынтыгы менен 14703 баланын ата-энелери миграцияда жүргөнү аныкталган. Ал эми турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын саны 600дөн ашкан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2019-жылда жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган 55 факты катталган.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Чынара Саттарова “биз ар бир бала үй-бүлөсү менен чогуу, камкордукта чоңоюусуна шарт түзүшүбүз керек. Бул үчүн бардык органдар биргеликте, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, балдарды коопсуз, бакубат жашоодо чоңойтууга жетишишибиз зарыл”,-деди.

Ошондой эле 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылынын алкагында, облустун аймагында үймө-үй кыдыруу жүргүзүү, ар бир үй бүлөдөгү балдардын жашоо шарты, абалы боюнча маалымат топтоо, зордук-зомбулуктун алдын алуу, өспүрүмдөргө карата жасалган фактылардын үстүнөн иштөө, балдардын маалыматтык базасын түзүүнү, тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Жыйынга облустун жергиликтүү бийлик органдары, аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши, укук коргоо органдары, дин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий