• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде бардык жабыркагандарга үйлөр курулат же калыбына келтирилет - Мамкурулуш

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Баткен облусунун жабыркаган бардык жашоочулары үчүн үйлөр калыбына келтирилет же кайра курулат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) директорунун орун басары Бердимурат Жалилов билдирди.

Анын айтымында, ал окуя болгон жерге барып, жаырлануучулар менен сүйлөшкөн.

«Азыркы учурда Баткен облусундагы үйлөрдү жана инфраструктураларды калыбына келтирүү иштери уланууда. Жабаркаган бардык жашоочулардын үйлөрү кыска аралыкта калыбына келтирилет же кайрадан курулат деп ишендире алам»,-деди ал.

Мындан мурда КР Жогорку Кеңешинин депутаты Рыскелди Момбеков жыйындын жүрүшүндө Баткенде чек арадагы жаңжал учурунда өрттөлгөн үйлөр дагы эле бүтпөй жатканына нааразы болгон. “Турак жайлар 2 айда курулуп бүтөт деп айтышкан, бирок алар дагы деле бүтө элек”,-деген депутат.

Пикир

Оставить комментарий