• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде бажычылар 3,5 млн сомдон ашык суммадагы аткезчилик жүктү кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Баткенде бажычылар 3,5 млн сомдон ашык суммадагы аткезчилик жүктү кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жана КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай районунун Галча айылында “Мерседес-Бенц 814” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унааны текшерүү учурунда жүк салынуучу бөлүгүндө Өзбекстанда чыгарылган тиричилик үчүн идиш-аяктар табылган. Жүктүн жалпы салмагы 8216,56 кг түзгөн жана ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтери жок болгон.

«Э.О.» ЖЧК Көз карандысыз экспертиза жана баалоо борборунун корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 3 млн 577 миң 420 сомду түздү.

Аталган факт КББР АДС МКЖда катталып, иш боюнча материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий