• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде бажычылар 3,5 тоннадан ашык аткезчилик алманы кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Баткенде бажычылар 3,5 тоннадан ашык аткезчилик алманы кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Пульгон айылындагы Кадамжай “МТ” көчмө постунда О.Р.А (башкы тамгалар өзгөртүлдү) аттуу өзбек жаранынын башкаруусунда Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү учурунда унаадан бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок ар бири 26 кг салмактагы 136 кап алма табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 3536 кг.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 176 миң 800 сомду түзгөн.

Жагдайлар такталып, маселе маңызы боюнча чечилгенге чейин жогоруда аталган унаа товары менен “Кайырма Дума” ЖЧКсынын убактылуу сактоочу кампасынын аймагына коюлган.

Пикир

Оставить комментарий