• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде бажычылар наркы 5 млн сомдон жогору аткезчилик товарды кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. «Баткен» бажысынын кызматкерлери тарабынан наркы 5 миллион сомдон жогору аткезчилик товарлар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүү фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө, «Баткен» бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Миң-Чынар-Апкан автожолунда пландык иш-чараларды өткөрүүнүн учурунда КР жараны К. уулу Т. башкаруусундагы «DAF» үлгүсүндөгү транспорттук каражаты текшерилген. Автоунаанын жүк бөлүгүндө ассортименттеги элдик керктөө товарлары (тиричилик товарлары, кийим-кече) аныкталган.

Товардын болжолдуу жалпы наркы 5 млн сомдон жогору. Токтотуу учурунда айдоочу товар ташуунун легалдуулугун ырастаган кандайдыр-бир товар коштоочу документтерди көрсөтө алган эмес. Автоунаага мөөр басылып, жооптуу сактоого «Бими Баткен» УСКнын аймагына токтотулган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Баткен облусунун милициясына берилген.

Азыркы учурда тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий