• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткенде беш күндөн бери жарылбай калган снаряддар зыянсыздандырылууда — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарда жарылбай калган снаряддар зыянсыздандырылууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрдан тартып Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн инженердик-сапердук бөлүктөрү Баткенде иш алып барууда.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий