• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде Билим берүү министрлигинин алгачкы көчмө жыйыны өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-майда Баткен облусунун Баткен шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы көчмө жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурумга Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган министрликтин өкүлдөрү, облустук билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Жыйында билим берүү жаатындагы актуалдуу маселелер, учурдагы абал жана алдыда аткарыла турган иштер талкууланууда.

Пикир

Оставить комментарий