• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде бир бейтап калды, Таласта абал жакшы. Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын айрым аймактарындагы абал жакшырууда. Баткен облусундагы бейтаптар айыгып, бүгүнкү күндө бир гана оорулуу калды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билддирди.

Анын айтуусуна караганда, Баткенде коронавирус жуккандар менен байланышта болгондорду аныктап, анализдерди алуу иштери толук кандуу жүргүзүлүп жатат.

"Талас облусунда эпидемиялык абал жакшы. Ал эми Ысык-Көл облусунда да жакшы абал түзүлүүдө. Негизинен алганда абал көзөмөлдө болгону менен оорулуулар чыгып жаткан аймактар - бул Бишкек, Ош шаарлары жана Нарын облусунун Ат-Башы району болууда. Ага байланыштуу күн мурун Коопсуздук кеңешинин отуруму болду. Анда 30-апрелге чейин киргизилген өзгөчө абал режимин айрым аймактарда узартуу маселеси каралып, анда Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартыла турган болду", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 29-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 729ге жетти. Алардын ичинен 191и медицина кызматкери. Илдеттен 437 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий