• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде бир эле үйдү эки жолу тоногон ага-ини кармалды

Аймак 0

Ош, 22.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Баткен облусунда бир эле үйдү эки ирет тоногон ага-ини кармалды. Милициянын маалыматы боюнча, кылмышкерлер биринчи тоногондо 40 млн сум (344 миңге жакын кыргыз сому) уурдашкан.

Облустук ИИБнын маалыматы боюнча, 22-ноябрга караган түнү эки бала Баткен облусундагы Боз-Адыр айылындагы үйлөрдүн бирине уурулукка киришкен. Үй кожоюндары ойгонгондо кылмышкерлер газ баллонду колдонуп, из жашырып кетишкен.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери болжол менен шектүүлөргө тиешелүү – тапанча, бет кап, үч газ баллонун, сумка, аркан жана жарыктандыргыч (фонарик) табышкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кийинчерээк маалым болгондой, шектүүлөр 29 жана 27 жаштагы ага-ини болуп чыккан. Милиция кызматкерлери изи сууй электе аларды колго түшүргөн.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кармалгандар дагы башка бир кылмышка шектүү экендиги аныкталды. Алдын ала маалыматка караганда, 2017-жылдын сентябрь айынын башында шектүүлөр үйгө уурулукка кирип, 40 миллион сум уурдап кетишкен. Эки ай өткөндөн соң ага-ини кайрадан ошол үйгө уурулукка кирүүнү чечишкен.

Пикир

Оставить комментарий