• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде бир нече жолу эскертүү алган коомдук тамактануучу жайлар жабылды

Аймак 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Баткен шаарында бир нече жолу эскертүү алган коомдук тамактануучу жайлар жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда рейддик иш-чаралар уланууда. Жергиликтүү бийлик, санэпидкөзөмөлдөө борбору жана ветеринария кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн рейддин негизинде коомдук транспорттор, тамактануучу жана эт сатуучу жайлардын санитардык абалы текшерүүгө алынды.

"Буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан бир катар коомдук тамактануучу жайларда санитардык талаптар аткарылбагандыктан, талапка жооп бербеген коомдук тамактануучу жайлар жабылды", - деп айтылат маалыматта.

Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 14 протокол түзүлүп, 50 миң сом айыппул салынды. Мындай рейддик иш-чаралар күн сайын жер-жерлерде уюштурулуп, көзөмөл күчөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий