• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Баткенде бир тонналык сүмөлөк кайнатуу башталды. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 20.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта, Баткен шаарынын борбордук стадионунда Нооруз майрамына карата бир тонналык сүмөлөк кайнатуу башталды. Бул тууралуу Маданиятю маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгач атайын ырым-жырым кылып, майга нан бышырылды. Сүмөлөктү кайнатуу учурунда жалпы кыргыз элин кешик ырыскысы бир казандап даам сызып, бир түндүктүн алдында биригип, кыргыз элинин ынтымагын жана биримдигин тиленип, жети дубандын жана эки шаардын суусу куюлду.

Нарындын Көкөмерен суусу, Ордолуу Оштун Ак-Буура дарыясынын, Ысык–Көлдүн суусу, Жалал-Абаддан Көк–Арттын, Чүй облусунун, Талас облусунун, Бишкек шаарынын Ала- Арча суусу жана Баткен облусунун Козу-Баглан суулары коюлду.

Салтанаттуу жана ырым-жырым коштогон иш-чара маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда башталды.

Ага манасчылар, төкмө акындар, белгилүү өнөр адамдары жана “Шайыр апалар” катышты.

Сүмөлөк түнү менен кайнатылып, маданий иш-чара менен коштолот. Элибиздин аруу тилеги айтылган сүмөлөк эртең, 21-мартта ачылып, конокторго таратылат.

Нооруз майрамынын салтанаттык бөлүгү эртең, 21-мартта, шаардык стадиондо саат 10:00дө башталып, Баткен шаары шаңга бөлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий