• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде бир жуманын ичинде 29 мас айдоочу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Баткенде бир жуманын ичинде 29 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүнүн кызматкерлери жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында күндүзгү жана түнкү кызматтарда иш алып барууда.

Үстүбүздөгү жылдын 17нен 23-февралына чейин жалпы 813 жол эрежесин бузуу катталган.

Алардын ичинен:

-жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу - 132,

-тиешелүү документи жок рулга отуруу - 11,

-мас абалда унаа башкаруу - 29,

-караңгылатылган терезе - 2. 38 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Андан тышкары, бир жума ичинде облуста 2 жол кырсыгы катталган, каза болгондор жок.

Пикир

Оставить комментарий