• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде чек ара заставасынын жаңы комплекси ачылды

Аймак 0

Бишкек, 06.10.18./Кабар/. 2018-жылдын 6-октябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участкасында КР МЧК Баткен облусу боюнча башкармалыгынын “Газпром” чек ара заставасынын жаңы комплексинин ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

Чек ара заставасында курулган модулдуу имараттардын заманбап комплекси зарыл болгон инфраструктуранын бардыгын өзүнө камтыган-административдик жайлар бар казарма, офицердик курам ( прапорщиктер) жана алардын үй-бүлөсү үчүн үй, кампа жайлары, техниканы сактоочу жана оңдоочу жабык бокстор, кызматтык иттер үчүн вольер, ошондой эле өздүк курам үчүн мончо. Жаңы комплексте ок атууну үйрөтүүгө машыктыруучу жай жана спорттук аянт каралган.

“Мамлекеттик чек араны кайтарууда биз бир калыпка салынган ыкмалардан кайтышыбыз керек. Чек ара коопсуздугуна жаралган коркунучтар жана чакырыктардын жаратылышы өзгөрүүдө. Ага жараша биз дагы заманбап коркунучтардын жолдорун жана ыкмаларын өзгөртүүбүз керек, жаңы техникаларды жана технологияларды колдонуп, ошол эле учурдаа аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп берүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз абзел”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дүйшенбиев салтанатта сүйлөгөн сөзүндө.

“Газпром” чек ара заставасынын жаңы комплексинин курулушу жана камсыздоосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Евразиялык Экономикалык биримдикке кирүү процессинин алкагында ага техникалык колдоо көрсөтүү жөнүндө Келишимге ылайык жүргүзүлгөн.

“Газпром” чек ара заставасынын жаңы комплексинин салтанаттуу азылыш аземине Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Р. Дүйшенбиев, КР МЧК төрагасы полковник У.Шаршеев, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, райондун ак сакалдары, ошондой эле КР МЧК Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы катышты.

Пикир

Оставить комментарий