• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арадагы 2021-жылкы жаңжалда каза болгондордун үй-бүлөлөрү турак жайлуу болушту

Аймак 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. 2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек ара жаңжалында каза болгондордун үй-бүлөлөрү турак жайлуу болушту. Бул тууралуу журналисттер үчүн Баткен облусуна уюштурулган пресс-турда маалым болду.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлдөрү Абдикарим Алимбаевдин айтымында, үйлөр каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бирдей бөлүштүрүлүп берилген.

“Кичи шаарчага былтыр жазында аскердик кагылышууда каза болгон кичинекей кыз Мадинанын аты ыйгарылган. Үйлөрдүн курулушуна Баткен мэриясы тарабынан 5 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Жалпы 36 үй курулган, ар бир үйдүн участогу 6 соток”, - деди ал.

Алимбаев “Мадина” кичи шаарчасында жашаган жашы жете элек балдарга мамлекет тарабынан жөлөкпул төлөнүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын жаз айында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, 36 кыргызстандык көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий