• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде чек арачылар аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан 3,4 млн сомдук товарды кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары аткезчилик жолу менен менен ташылып бара жаткан 3,4 млн сомдук товарды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Жаштык жергесинде кызмат өтөп жаткан чек арачылар 1983-жылы туулган С.Р. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы "Мерседес-Спринтер" үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда ал жаран ири партия менен дары-дармек, спирт ичимдигин Тажикстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Товардын жалпы наркы 3,4 миллион сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулган соң, айдоочу жана анын товарлары Мамлекеттик бажы кызматы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий