• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде чек арачылар мыйзамсыз жүктөрдү алып өтүү аракеттерине бөгөт койду - Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 04.05.02. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-майынан 4-майына чейинки аралыкта КР Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу мыйзамсыз жүктөрдү алып өтүү аракеттерине бөгөт койгон. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Арпа-Сай айылына караштуу Шыйпан жерлигинде 1981-жылы туулган Т.У., аттуу кыргыз жараны өзүнө таандык болгон Мерседес-Спринтер автоунаасында өткөрүү жайынан сырткары жерден Өзбекстанга элге керектөөчү буюмдарды (ТНП) жана кургатылган жемиштерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Кыргызстандын чек ара кезмети тарабынан кармалган.

Ошондой эле бүгүн, 4-майда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Майты жерлигинде чек арачылар 2 Hyundai-Porter автоунаасында өткөрүү жайынан сырткары жерден Тажикстандан Кыргызстанга 3 тонна пияз алып өтүүгө аракет кылып жаткан жаранды кармашкан. Кармалган жаранда жүккө тиешелүү болгон уруксат кагаздары болгон эмес.

Алдын ала алынган далил маалыматтардын негизинде контрабандалык жүктүн жалпы баасы 200 000 сомду түзгөн.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң жүктөр жана айдоочулар мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий