• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде чек арадагы талаштарды талдаган жумушчу топ түзүү сунушталды

Аймак 0

Бишкек, 26.01.19 /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө күч түзүмдөрүнүн, чек аралаш жайгашкан район шаар башчылары, айыл өкмөт башчыларынын катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу облустук администрациядан кабарлашты.

Жыйында чек ара аймактарындагы чыр чатактардын алдын алуу, чыр чатактарга себеп болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу, чек араны делимитациялоо иштерине жолтоо болгон учурларды байкоо менен алдын алып, коңшулаш өлкөлөр ортосундагы макулдашылган чечимдерге жоопкерчилик менен мамиле жасоого, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери сөз болду.

Ошол эле учурда акыркы кыргыз-тажик чек арасында, тагыраагы Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы мазарга курулган бастырмага байланыштуу эки элдин пикир келишпестигине себеп болгон, эки өлкөнүн айыл аймак башчыларынын оозеки макулдашуусун катуу сынга алып, чек араны делимитациялоо жумуштары аяктаганга чейин такталбаган аймакка курулуш курбоо боюнча мамлекеттер аралык макулдашуу бар экенин белгиледи.

Кенешмеде чек арадагы чыр чатактардын алдын алуу жана чыр чатактарга себеп болгон маселелердин үстүндө иш алып барган атайын жумушчу топ түзүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий