• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде чек арадагы жаңжал учурунда жабыркагандар үчүн 70 заманбап үй курулду (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан Максат айылында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандар үчүн 70 заманбап үй курулду.

Маалыматка ылайык, 31-август Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата дагы 70 заманбап үйдүн курулушу бүткөрүлөт. Бул жаңы үйлөрдү «Даваташ» кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы куруп жатат. Үйлөр отко жана сууга туруктук берүү талаптарын эске алуу менен дүйнөдөгү эң ири курулуш компанияларынын технологиялары менен курулуп жатат.

Белгиленгендей, жаңы үйлөр зарыл болгон нерселер менен жабдылган жана сапаттуу курулуш материалдары Түркиядан алынып келинген.

Пикир

Оставить комментарий