• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткенде чек арадагы жаңжалда курман болгон прапорщиктин элесине арналган мелдеш өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.06.23. /Кабар/. Баткен районунун Ак-Татыр айылында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон прапорщик Нургазы Мамытовдун жаркын элесине арналган футболдук мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чаранын башында прапорщиктин элесине арналып Куран окулду. Андан соң спорттук оюнга старт берилди. Мелдешке район аймагынан чогулган 24 команда катышууда.

Иш-чарага облус башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, Нургазы Мамытовдун үй-бүлөсү, жакындары, достору, айылдаштары катышууда.

Облус башчысы өз сөзүндө баатырдын эрдиги элинин эсинде түбөлүк сакталарын белгилеп, мекендин бүтүндүгүн коргогон эр азаматты тарбиялаган ата-энесине ыраазычылык билдирди.


Белгилей кетсек, маркум Нургазы Мамытов өмүрүнүн акыркы жети жылында Орто-Боз чек ара заставасында кызмат өтөгөн. Ал 2022-жылы сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда,35 жашында баатырларча курман болгон. Артында 4 кызы калган.

Нургазы Мамытовдун ысымы Ак-Татыр айылындагы көчөгө ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий