• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде чек арадан жабыркаган аялдарга 3 миң медициналык топтомдор берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин талабы боюнча, Баткен облусунун медицина кызматкерлери, БУУнун Кыргызстандагы калк фонду облустагы чек арадан жабыркаган аялдар жана кыздар үчүн 3 миң медициналык топтомдорду берди.

«Биз чек арадан жабыркаган айылдардагы аялдар жана кыздардын репродуктивдик саламаттыкты сактоо боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүү боюнча аракеттерди күчөтүп жатабыз. Өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта аялдардын жана кыздардын ден соолугун чыңдоо, психосоциалдык жардам көрсөтүү аркылуу гендердик зомбулуктуу алдын алуу министрликтин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда»,-деди саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова медкомплекти тапшыруу учурунда.

Гуманитардык жардам комплекти БУУнун облустагы калк фонду жана КР Улуттук Кызыл жарым ай коомунун Баткендеги филиалы биргеликте дардап, таратышты.

Топтомдордун ар бири репродуктивдик ден-соолуктун белгилүү бир муктаждыгына жооп берет жана белгилүү бир убакыттын ичинде белгилүү бир сандагы адамдарга кызмат кылууга ылайыкташтырылган шаймандарды камтыйт.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда жаракат алган жана жер которгон адамдар, айрыкча аялдар менен кыздар репродуктивдик саламаттыкты сактоону талап кылышы мүмкүн. Бул үчүн дарыгерлерге биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык керектүү каражаттарды берүү керек.

“Биз репродуктивдик саламаттыгын сактоо жана үй-бүлөнү пландоого аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү боюнча өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө мүмкүнчүлуктөрдү кеңейтүүнүн үстүнөн иштерди уланта беребиз. Аталган кызмат көрсөтүүнүн жаңжал учурунда өзгөчө актуалдуулугу байкалат. Ар-намысты коргоо, татыктуу жашоо шарттарын жакшыртуу - бул биздин биргелешкен аракеттерибиздин биринчи кезектеги милдети”,-деди Кызыл Жарым ай коомунун облустагы кеңсесинин башчысы Азамат Баялинов.

Облустагы саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуунун алкагында А.Солтонбекова өнөктөш уюмдар менен биргеликте жабыркаган чек ара айылдарындагы аялдар жана кыздар үчүн репродуктивдик саламаттык боюнча натыйжалуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу маселесин талкуулашты.

“Азыркы учурда облустун жашоочуларына психосоциалдык жардам көрсөтүүнү уюштуруу, андан тышкары аталган ишмердүүлүк боюнча өнөктөштөр жана бейөкмөт уюмдар арасында координацияны күчөтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Кийинки жумада Баткен жана Лейлек райондорунда психологдор тобун ишке киргизүү пландалууда”,-деп белгиледи Кызыл жарым ай коомунун башчысы.

Пикир

Оставить комментарий