• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткенде чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн үч чет өлкөлүк жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Баткенде чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн үч чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чет өлкөнүн жарандары 52 жаштагы С.О., 27 жаштагы тургуну И.Б., жана 23 жаштагы тургуну Х.С., Кыргызстандын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын бузуп өтүп, Баткен облусунун аймагында жүргөн жеринен кармалышкан.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоо жайына киргизилган.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий