• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткенде Чернобыль апаатынын 36 жылдыгы белгиленип, каза болгондорго куран окутулду

Аймак 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Баткен шаарында Чернобыль апаатынын 36 жылдыгы белгиленип, каза болгондорго куран окутулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.

Авариянын кесепеттерин жоюуга Баткен облусунан жалпысынан 146 жаран катышкан. Анын ичинен бүгүнкү күндө Чернобыль апаатынын 93 катышуучусу арабызда.

Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев Чернобыль АЭСиндеги трагедиялуу окуяны кайгыруу менен эскерип, каза болгон жарандардын элеси түбөлүккө сакталып, Чернобыль апаатынын катышуучулары ар тараптан колдоого алынарын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Чернобыль апаатында курман болгондорго багышталып куран окулду.

Белгилей кетсек, Украинадагы Чернобыль атом станциясында авария 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Бул жарылуунун кесепетинен реактивдүү зат аба менен постсоветтик кошуна үч өлкөнүн аймагын жана Европанын бир бөлүгүн булгаган. Ал жүз миңдеген адамдарды жабыркатып, миңдеген куткаруучулар дартка чалдыгып, майып болуп калышкан.

Пикир

Оставить комментарий