• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде дүкөндөн кийим-кече уурдаган жаш өспүрүмдөр кармалды

Аймак 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Баткен облусунда "Ууру" рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө дүкөндөн кийин-кече уурдаган жаш өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында жайгашкан соода түйүндөрүнөн 2022-жылдын 14-февраль түнү белгисиз адамдар тарабынан сатыкта турган кийим-кечелер уурдалгандыгы боюнча Баткен шаардык милициясына 3 арыз түшкөн.

"Ууру" рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө Баткен ШИИБнин кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Чоң-Талаа, Кара-Бак, Айгүл-Таш, Согмент айылдарынын тургундары аныкталып, кармалды.

Белгиленгендей, тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар жаш өспүрүм экендиги аныкталып, уурдалган буюмдардын жалпы чыгымы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий