• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде дагы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 2 ишкана ачылат

Аймак 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров Кызыл-Кыя шаарындагы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү Агропласт ишканасынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

«Агропласт» айыл чарба кооперативинде 60 жумушчу эмгектенет.Ал эми май айынан октябрь айына чейинки аралыкта жумушчулардын саны 100гө чейин жетет.

Агропласт ишканасы Советтер союзу тарагандан кийин, Кыргызстандын түштүк аймагындагы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча сакталып калган ишканалардын бири.

1968-жылы ишмердүүлүгүн баштаган бул жамааттык ишкана, учурда да 30дан ашуун фермердик чарбалар менен иш алып барат. Алар жыл сайын чарбасында өстүргөн айыл чарба азыктарын кайра ишетип, консерваланган айыл чарба продукцияларын өндүрүшөт.

Мекеме жетекчилиги көп жылдык ишенимдүү өнөктөш катары 30 фермердик чарбага, жыл сайын айыл чарба азыктарын өстүрүү үчүн алдын ала каражаттарды берүүнү колго алган.

Даяр өндүрүлгөн продукция ички базарда жана Россиянын Москва, Омск, Новосибирск, Санкт-Петербург, Якутия шаарлары менен Казакстанга экспорттолот.

Ишкана жетекчилиги бажы биримдигине кирген мамлекеттерине анын ичинде Россия мамлекетине экспорттолуп жаткан айыл чарба продукцияларын сатууда жаралып жаткан айрым көйгөйлөрдү жоюу үчүн, Москва шаарынын аймагына экспорттолгон продукцияларды убактылуу чогултуп, бөлүштүрүүчү базаларды куруу зарылдыгы бар экенин белгилешти.

Ыйгарым укуктуу өкүл, биздин аймактан өндүрүлүп жаткан экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын, дүйнөлүк рыноктун талаптарына ылайык өндүрүү, көлөмүн жогорулатуунун үстүндө иш алып баруу керектигин белгиледи. Ал эми учурда Россия мамлекети менен кызматташуу жаатында бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Учурда Баткен областынын аймагында 25 кайра иштетүүчү ишканалар иш алып барат. Алардан 11 мөмө-жемиштерди, 5 жүзүмдү, 4 сүттү, 5 ишкана дагы башка продукцияларды кайра иштетип чыгарат.

2020-жылы Баткен районунун Самаркандек айылында жана Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак айылында мөмө-жемишти кайра иштетүүчү ишканалар ачылуусу күтүлүүдө.

Ал эми областтын аймагында 103 өндүрүштүк айыл чарба кооперативи түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий