• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде дайынсыз болуп жаткан 6 балалуу эненин издөө иштерин өкүл жеке көзөмөлүнө алды

Аймак 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. Баткенде дайынсыз болуп жаткан 6 балалуу эненин издөө иштерин өкүл жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болуп жаткан Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Аймактым Кожонованын туугандары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалаловго издөө иштерине көмөк көрсөтүүсүн суранып кайрылышты.

Өкүл учурда бардык тийиштүү органдар издөө иштерин жүргүзүп жатканын, Кыргызстандын бардык аймактарына жана кошуна Тажикстан менен Өзбекстанга да издөө жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат каты берилгенин айтты.

Жаныбек Жалалов А.Кожонованын издөө иштерин жеке көзөмөлүнө алгандыгын айтып, бул багытта укук коргоо органдарын күчөтүлгөн тартипте издөө жүргүзүүсүн тапшырды.

Издөө жарыяланган Аймактым Кожонованын 6 баласы бар.

Эскерте кетсек, мурдараак ӨКМ Баткенде дайынсыз жоголгон 45 жаштагы аял изделип жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан.

Пикир

Оставить комментарий