• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде дайынсыз жоголгон эркек киши изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 20.05.21./Кабар/. Баткенде дайынсыз жоголгон эркек кишини издөө жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-май күнү Баткен районунда Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кара-Бак айылынын тургуну 1961-жылы туулган эркек киши үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.

Аталган жарандын кийимдери Кожош-Кен суусунун жээгинен табылаган. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 25 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган.

20-май күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий