• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде дамба 4-5 жеринен жырылып, эки айылды суу каптоо коркунучу жаралган

Аймак 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Баткен облусунда жааган жаандын кесепетинен дамба 4-5 жеринен жырылып, Кайтмас, Өрүкзар айылдарын суу каптоо коркунучу жаралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кооптуу аймактагы эл кабарланып, болжол менен 1500 жаран коопсуз жерлерге чыгарылган.

Учурда суунун деңгээли төмөндөп, каптап кетүү коркунучу жоюлгандыгына байланыштуу жарандар өз үйлөрүнө кайтышты. Жеринде ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы, “Сел жана суу ташкындарынан коргоо" мамлекеттик агенттигинин Баткен облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы, ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы менен биргиликте тактоо иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий