• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Баткенде дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери тарабынан Баткен районунун "Развилка" мобилдик постунда Д.К.Д аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда "Лада-2107" үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Текшерүү учурунда унаадан жалпы салмагы 60 кг, 600 даана таңгак санында "Цинепар" таблеткалары (парацетомол жана диклофенак натрий таблеткалары) табылган. Жүктүн эч кандай коштоочу документтери болгон эмес.

Кармалган товардын баасы 360 миң сомду түзгөн. Бул факты боюнча айып салынып, 60 миң сом өндүрүлгөн, товарлар жок кылынууда.

Пикир

Оставить комментарий