• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде дарыгерлер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20 /Кабар/. Баткенде дарыгерлер сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун чечими менен, облустун санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бир катар кызматкерлери өкүлдүн “Ардак грамотасы” “Алкыш” барагы менен сыйланды.

Сыйлыктарды өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров тапшырып, аталган мекемеде лабороториялык изилдөөлөр менен иштеген 6 кызматкерге 10 миң сомдон тапшырды.

Ошондой эле кооптуу илдет менен күрөшүүдө, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, зор жоопкерчилик менен иштеп жаткан медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий