• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде демилгелүү жаштар ар бир айылга дезинфекциялык барьерлерди орнотуп, нөөмөттө турушат

Аймак 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Баткенде жарандардын өзгөчө кырдаал тартибин сактоосун көзөмөлдөөгө колдоо көрсөткөн демилгелүү жаштар көбөйүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдын маалыматында, жаштар ар бир айылдын кире беришине автоунаалар үчүн дезинфекциялык барьерлерди жайгаштырып, кезек менен нөөмөткө турууда.

Ошондой эле жарандардын үйдө болуусун эскертип жатышат.

Үстүбүздөгү жылдын 28 марты саат 14:00гө алынган маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 58 кишиге жетти. Кечээ коронавирус жуккан 14 учур катталган болчу.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды.

Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий