• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде эки айга жете турган жеке коргонуучу каражаттардын кору бар

Аймак 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Баткен облусунда азыркы күндө саламаттык сактоо мекемелеринде эки айга жете турган жеке коргонуучу каражаттардын кору бар. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов билдирди.

Анын айтымында, учурда саламаттык сактоо мекемелеринде 272 миң даана беткап, 29 миң коргоо костюмдары, 41 миң даана респиратор, 6 миң даана коргоочу көз айнек, 223 миң даана кол кап бар. Ошондой эле жасалма дем алдыруучу 72 аппарат жана 725 даана кислороддук концентратор иштеп жатат.

"Оорулууларды дарылоо үчүн облус боюнча күндүзгү стационарлар үчүн 140 орун даярдалган. Жалпы облус боюнча саламаттык сактоо тармагындагы жугуштуу ооруулар бөлүмүндө 480 орун бар. Бүгүнкү күнгө чейин орууларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан короновирус инфекциясынын жайылып кетпөөсүн алдын алуу максатында жалпы 4110 мекемеге, коомдук тамактануучу жайларга, соода түйүндөрүнө жана соода базарларынын ишмердүүлүгүнө рейд жүргүзүлдү. Натыйжада санитардык гигиеналык талаптарды сактабаган 405 ишкерге 517,5 миң сом айыппул салынды, 1015 жаранга эскертүүлөр берилди", - дейт Максутов.

Максутов кошумчалагандай, медкызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрү өз убагында берилип, бүгүнкү күнгө жалпы суммасы 78 млн 979 миң сом толугу менен төлөнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий