• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде эки жаңы ФАП ачылды — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында күн мурун төрт миллион сомго курулган жаңы ФАП пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземге Лейлек районунун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, Кулунду айыл аймагынын башчысы, медицина кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.

“Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду ФАПтын курулушуна 3 млн сом, айыл өкмөт 1 млн сом бөлгөн.

Мындан тышкары, Баткен шаарынын жанындагы Токтогул ллуя конушунда дагы бир жаңы ФАП пайдаланууга берилди. Жаңы ФАП акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар менен жабдылып, бул жаңы айылдын тургундарына медициналык кызмат көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий