• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткенде эл жана турак жай фондун каттоо боюнча даярдыктардын жүрүшү талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында эл жана турак жай фондун каттоо боюнча облустук комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана орун басары Жаныбек Исаков ошондой эле аким, мэрлердин орун басарлары, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча даярдыктардын жүрүшү талкууланды. Бүгүнкү күндө көчөлөрдү, турак үйлөрдү каттоо жүрүп, номерлер берилип, табличка илүү иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо үчүн атайын жооптуу кызматка жумушчулар тартылып, алар атайын бөлмө жана керектүү жабдуулар менен камсыз болууда. Ошондой эле жер-жерлерде, массалык маалымат каражаттарында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жыйындын жүрүшүндө өкүлдүн орун басарлары эл жана турак жай фондун каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү керектигин айтып, атайын теле-дебаттарды уюштуруу, жер-жерлерге баннерлерди илүү, үйлөрдү каттап, табличкалар менен камсыздоону алып баруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин эл жана турак жай фондун каттоо жүргузүлөт. Ал эми тоолуу, шарты катаал аймактарда, тагыраагы, Кадамжай районунун Кароол, Кара-Шоро, Баткен районунун Зардалы айылдарында 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейинки мезгилде эл жана турак жай фондун каттоо жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий