• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткенде электр чубалгылары калыбына келтирилип, жарык берилди

Аймак 0

Бишкек, 28.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткенде электр чубалгылары калыбына келтирилип, айыл тургундардын үйүнө электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ошэлектр" ишканасынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам үзгүлтүккө учураган Орто-Боз аба чубалгыларын калыбына келтиришти.

Эскерте кетсек, 27-январда кечинде кыргыз-тажик мемлекеттик чек арасында абал курчуганына байланыштуу Баткен РЭТинде 35/10 кВ Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан 10 кВ Орто-Боз аба чубалгысы үзүлгөн.

Бул кырдаалга байланыштуу Ак-Сай, Актатыр, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калган.

Пикир

Оставить комментарий