• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде электрондук документ жүргүзүү боюнча окутуу башталды

Аймак 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. “Жергиликтүү бийлик органдарында айрым ченемдик-укуктук актыларды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу” аталышындагы окутуу Баткен облусунда башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

КР өкмөтүнүн аппаратынын демилгеси менен уюштурулган окутууга өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарынын, райондук администрациялардын, шаардык мэриялардын, айыл өкмөттөрдүн иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматкерлер катышууда.

Окутуунун жүрүшүндө жарандардын кайрылууларын айырмалоо, мамлекеттик иш кагаздарын мамлекеттик тилде даярдоо, сапатын жакшыртуу боюнча айтылып, иш кагаздарынын типтүү нускамасынын жаңы долбоору тааныштырылды.

Ошондой эле өлкө башчысынын аймактарды өнүктүрүү өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашып жаткан “Түндүк” “Электрондук документ жүргүзүү” “E-Kyzmat” “Санарип аймак” системалары менен иштөө түшүндүрүлдү.

Адистердин айтымында, мындай окутуу алгач Баткен облусунан башталды. Алдыда бир айдын ичинде, өлкөнүн бардык аймактарында өтөт.

Ошондой эле адистер мындай окутуулар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин электрондук документ жүргүзүүсүндө мааниси зор экенин белгилеп, учурда тесттик режимде иштеп жаткан электрондук документ жүргүзүү жумуштарын илгерилетип, кызматкерлер жана жарандар үчүн ыңгайлуу, ыкчам, туура жана так иш алып барууга өбөлгө болорун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий