• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде элге арзан баада көмүр сатылууда

Аймак 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Баткенде элге арзан баада көмүр сатылууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн облустагы өкүлү Жаныбек Жалаловдун тапшырмасына ылайык облус аймагында күз-кыш мезгилине даярдык күчөтүлгөн тартипте ишке ашып жатат. Район, шаарларда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан калкты арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу колго алынууда.

Алсак, Баткен шаардык мэриясы көмүр өндүргөн жеке ишкерлер менен келишим түзүп, жергиликтүү калкты арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу аракетин көрүүдө. Учурда мэриянын имаратынын жанында Сүлүктүнүн "БР" маркасындагы көмүрү 6 сом 50 тыйындан сатылууда. Бүгүнкү күндө 30 тонна көмүр ташылып келген. Ал эми аталган көмүр базарда 7 сом 50 тыйындан сатылып жатат.

Мындай демилге базар баасын турукташтыруу жана калкты арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу максатында жыл сайын жүргүзүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий