• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде эмдөөдөн кийин 7 окуучу ооруканага түштү, экөө реанимацияда

Кырсык 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Баткенде эмдөөдөн кийин 7 окуучу ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Ал түшүндүргөндөй, 9-апрелде Баткен шаарындагы №3 мектепте 11 жаштагы балдарды эмдөө жүргүзүлгөндөн кийин, алардын башы айлана баштаган.

"Эки бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды, бешөө балдар бөлүмүндө. Учурда алардын абалы жакшы эле. Кечээ кечинде бир кыз жандандыруу бөлүмүнөн которулду. Абал орто. Беш окуучунун абалы жакшы", - деп түшүндүрдү ал.

Каратаев кошумчалагандай, эртең менен чогулуш болуп, териштирүү иштерин жүргүзүү максатында атайын адистер Баткенге учуп кетишкен.

"Абал такталган соң, толук маалымат кагаз жүзүндө берилет", - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий