• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөн окуучулардын абалы айтылды

Аймак 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Баткенде эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөн мектеп окуучуларынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда ооруканага жаткырылган 7 окуучунун бирөө гана ооруканада. Калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө койо берилген.

"Ооруканага түшкөн балдардан өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова кабар алып, тийиштүү медициналык жардамдарды көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 9-апрелде Баткен шаарындагы №3 мектепте 11 жаштагы балдарды эмдөө жүргүзүлгөндөн кийин, алардын башы айлана баштаган. Натыйжада 7 окуучу ооруканага жеткирилген.

Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, эмдөө 11 жаштагы 73 окуучуга жүргүзүлүп, анын 10у эмдөөдөн соң өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан. Учурда болуп өткөн окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий