• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде энелер мектебинен 50 миңден ашуун эне билим алды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Баткенде энелер мектебинен 50 миңден ашуун эне билим алды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Өкүлчүлүк кабарлагандай, Баткен облусунда келечек муундун билим, тарбиясынын сапатын жакшыртуу максатында “Энелер мектеби” долбоору алгылыктуу иш алып барууда. Кезектеги облустук конференция Кадамжай районунда өтүп, ага облустун жалпы билим берүү кызматкерлери катышып, энелер мектебинин орду жана мааниси тууралуу сөз болду.

Конференциянын максаты, элдик мугалим атка конгон КРнын Эмгек сиңирген мугалими, билим берүүнүн отличниги, КРнын Ардак грамотасынын эки жолку ээси Гапыр Мадаминов негиздеген “Энелер мектебинин” иш тажрыйбасын жайылтуу, мугалим, окуучу жана ата-энелер арасындагы мамилени чыңдоо менен билим деңгээлин көтөрүү болуп саналат.

Конференцияда мугалим менен ата-эне тыгыз байланышта болуп, окуучуга терең билим жана татыктуу тарбия берүү зарылчылыгы дагы бир ирет белгиленди. Бул аракет билим сапатынын жогорулашына зор өбөлгө болоору айтылды.

Катышуучулар, Энелер мектебинин маанисин, алгачкы натыйжаларын белгилеп, облус аймагында бул демилгени жайылтуунун үстүндө активдүү иш жүрүп жатканын билдиришти.

Белгилей кетсек, Энелер мектеби 1997-жылы №3 эксперименталдык гимназияда Г.Мадеминовдун демилгеси менен ачылган. Автор тарабынан 2001-жылы Бишкек шаарынан “Энелер мектебинин окуу программасы жана ата энелер үчүн окуу программасы жарык көргөн. Энелер мектебин бүтүргөн энелердин балдары 100 пайыз ЖРТнын босого баллдарынан жогору упайларды алып, ЖОЖдордо бюджеттик бөлүмдө билим алып келишет. КММАда 61 студент бюджеттик бөлүмдө, 51 окуучу чет өлкөдөгү ЖОЖдордо билим алууда. Энелер мектебинин жыйынтыгы менен Лейлек районунун Жаштык айылындагы №3 эксперименталдык гимназия мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТдан алган орточо баллы 175баллды түзүп, республика боюнча орточо балл алган мектептердин арасынан биринчи орунду камсыз кылды.

Бүгүнкү күнгө чейин 50миңден ашуун энелер, бул мектепти бүтүрүп чыкты.

Энелер мектебинин иш тажрыйбасы, Баткен облусунан сырткары, Ош облусунун Ноокат, Чоң-Алай, Араван райондорунда,Жалал-Абад облусунун, Бишкек шаарынын айрым мектептеринде, бала бакчаларында ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий