• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде энергокомпаниялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча эки күндүк семинар башталды

Аймак 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде, "Ошэлектр" ААКнын Баткен филиалынын базасында "Тажрыйба алмашуу жана энергетикалык компаниялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу" аттуу эки күндүк семинар башталды. Бул тууралуу "Ошэлектр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинарды "Улуттук энергетикалык холдинг” башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев ачып берди.

Башкармалыктын төрагасы Баткен облусундагы 110 кВ "Раззаков" көмөкчү чордонун курулуп ишке берилгендигин жана CASA-1000 долбоору боюнча жумуштар аткарылуусун айтып кетти.

Семинардын ишине катышып жаткан президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Энергетика министрлигинин мындай иш-чарасы Баткен облусуна, элине, жерине болгон коңүл буруу дегендигин билдирди.

Семинардын биринчи күнүндө төмөнкүдөй иш-чаралар көрсөтүлмөкчү:

- "Түндүкэлектр" ААКсынын 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгысына СИП маркадагы зымдарын монтаждоо ыкмаларды колдонуу жумуштарын көрсөтүү;

- "Жалалабадэлектр" ААКсынын "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу фактысын аныктоо жөнүндөгү" көрсөтмө иш-чараларын көрсөтүү;

- "Чыгышэлектр" ААКсынын 10 кВ аба чубалгысындагы мамычадан электр тогунун таасиринен жабырлануучуну (муляжды) бошотуу жана медициналык жардамга чейинки алгачкы жардам берүү боюнча иш-чараларын көрсөтүү.

Пикир

Оставить комментарий