• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде эски бейтапкананын имаратынын капиталдык оңдоо иштери 65%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Баткен шаарындагы 90 орунга ылайыкталган эски бейтапкананын имаратынын капиталдык оңдоо иштери 65%га аткарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда имаратты демонтаждоо жана чатырын жаңылоо иштери 100%га аяктады. Ошондой эле топурак жана дубал шыбактары - 90%, эшик орнотуу - 95%, канализация - 95%, полдорду алмаштыруу иштери - 70%, сантехника - 90%, электр иштери - 80%га бүткөрүлгөн. Ал эми имараттын маңдайынын декоративдүү иштери 40%га аяктады.

Объектте 35 жумушчу иш алып барууда.

Белгилей кетсек, бул объекттин сметалык наркы болжолу 17,9 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттен 2 млн сом, ал эми калган 15,9 млн сом Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий