• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде газ баллон аткезчилиги кармалды

Коом 0

БИШКЕК, 16.08.17 /Кабар/. Баткенде бажычылар газ баллон аткезчилигин кармашканын МБК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, “Түштүк” ыкчам бажысынын кызматкери Баткен облусунун “Жаңы-Жер” айылындагы Баткен-Ош унаа жолунда кыргыз мамлекеттик номерлүү КР жараны башкарган “Мерседес-Бенц Спринтер” текшерилген.

Текшерүүдө уруксат кагаздары жок 150 даана газ баллон табылган. Товардын жалпы баасы 165 000 сом.

Иштин материалдары Ош облусунун прокуратурасына берилди.

Пикир

Оставить комментарий