• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде Газ орто мектебине компьютерлер жана 1 млн сомдук сертификат берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.09.21. /Кабар/. 15-сентябрында билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнө караштуу Газ айылындагы Газ орто мектебинин жаңы курулуп бүткөн окуу корпусунун ачылыш аземине катышып, мектепке 7 комплект компьютер тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага билим берүү жана илим министринен тышкары министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов, ошондой эле мугалимдер, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Министр Болотбек Купешев иш-чаранын катышуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, билим уясынан Кыргызстандын туусун көтөргөн, даңкын чыгарган уул-кыздар учуп чыгышына чын дилинен тилектештигин билдирди.

Газ орто мектеби 3 корпустан турат. 160 орунга эсептелинген №3 окуу корпусу 1978-жылы курулган. 50 орунга эсептелинген №2 окуу корпусу 1974-жылы курулган. Ал эми 1936-жылы курулган №1 окуу корпусу 2012-жылдын 9-апрелинде пайдаланууга жараксыз деп табылган.

Газ орто мектебинин 225 окуучулук орунга ылайыкталган имаратынын курулушу 2016-жылдын 15-мартында башталган. Имаратты Ош шаарындагы “Азия курулуш компани” жоопкерчилиги чектелген коому куруп бүтүрдү. Долбоорго ылайык эки кабаттуу мектеп, спорт зал, жыйын зал, ашкана жана очоккана салынды.

Быйылкы жылдын 15-сентябрына карата мектептин имараты толук бүткөрүлдү. Имараттын ичи бардык керектүү эмеректер жана жабдыктар менен камсыздалды. Жасалгалоо иштери да өз убагында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Ушул тапта бул мектепте 362 окуучу 2 нөөмөттө окуп жатат. Алардын арасынан 32 окуучу 2021-2022-окуу жылында алгач ирет мектеп босогосун аттады.

Газ айылындагы иш-чарадан кийин Б. Купешев Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө орто мектебине барып, педагогикалык жамаат менен жолугушту. Жолугушуу учурунда министр аталган мектептин кошумча окуу корпусунун курулушуна жумшоо үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эмгек жамаатынын атынан 1 млн сомдук акча каражатынын сертификатын тапшырды.

Мектептин эмгек жамааты жолдун узактыгына карабай чек арада жайгашкан айылга ат бастырып келген жетекчилерге жана кошумча окуу корпусунун курулушуна салым кошкон КУУнун эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий