• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча облустук комиссия иштөөдө

Аймак 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Баткенде гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча облустук комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу облуска келген гуманитардык жардамдарды туура жана даректүү бөлүштүрүү боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин атайын буйругу чыккан. Бул боюнча облустук комиссия түзүлгөн.

Гуманитардык жардамдарды топтоо жана жеткирүү боюнча облустук комиссияны өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров жетектейт.

Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу жардам берүүнү каалагандар төмөнкү эсеп боюнча же Элсом байланышуу номерине которсонуздар болот.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү
р/с 4409021103005073
БИК 440001
Борбордук Казына
ИНН 01312199910086
Төлөө коду 14411100
БИК: 440902 которуу жолу МКП же ВКП аркылуу
Финка Элсом. 0772001616.Сейитказыев Алтынбек.

Пикир

Оставить комментарий