• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Баткенде ички аба каттам жанданды

Аймак 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрдан тарта Бишкек - Баткен - Бишкек багыты боюнча аба каттамдар кайрадан жанданды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал башталгандыгына байланыштуу ички каттамдар үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан баштап убактылуу токтотулган болчу.

"Ички аба каттам кайрадан жанданып, алгачкы каттамда Бишкектен Баткенге 94 жаран учуп келсе, Баткенден борборго 86 жаран учуп кетти", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Баткен - Бишкек аба каттамы боюнча билеттер 3 миң 500 сомдон 4 миң 200 сомго чейин сатылып жатат. Каттамдар жумасына бир жолу - шейшемби күнү жүргүзүлөт.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, каттамдар "Тез Жет" авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий