• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде ички аскерлер күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-майда Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы маданият үйүндө КР ИИМнин ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн “Шер” отрядынын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу аземге ички аскерлер, Баткен облусундагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынан өкүлдөр келип катышты.

Баткен ОИИБнын башчысы Мурат Боронов салтанаттуу аземде сөз сүйлөп, аскер бөлүктүн өздүк курамын кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле бөлүктүн аскердик даярдыгын, жогорку профессионализмин, өз милдеттерин ак ниет аткаруудагы жетишкендиктерин баса белгиледи. Кызматтык ишин аткарууда өзгөчөлөнгөн аскерлер медаль, грамота жана башка баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул майрамга карата күч түзүмдөр ортосундагы достукту бекемдөө жана жаш кызматкерлерди спортко кызыктыруу багытында 23-24-май күндөрү Баткен шаарындагы күч түзүмдөр ортосунда спорттун волейбол жана кичи футбол түрү уюштурулган.

Волейбол оюнуна күч түзүмдөр арасынан 8 команда катышып, I орунга ӨКМ, II орунга АБП, III орунга Баткен ОИИБы ээ болушту. Ал эми кичи футбол боюнча жалпысынан 14 команда ойноп I орунга АБП, II орунга чек ара кызматы, III орунга УКМК, IV орунга Баткен РИИБ ээ болуп, кубок жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Мындан сырткары, оюнда активдүү катышкан “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты оюнчу” номинацияларына акчалай сыйлык жана грамоталар берилди.

Пикир

Оставить комментарий