• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде үйдүн короолорунан велосипед уурдап жүргөн 41 жаштагы киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Баткенде үйдүн короолорунан велосипед уурдап жүргөн 41 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Айдаркен жана Кадамжай шаарларында апрель айынын орто чендеринен бери жер тамдардын жана көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан велосипеддер уурдалып жүргөн. Кадамжай райондук милициясына жалпысынан 7 арыз катталган.

"Бул уурулуктун бетин ачуу максатында Кадамжай РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында Айдаркен шаарынын 41 жаштагы М.Ж. аттуу жаранын Кадамжай шаарынан аныкташып кармашкан", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми уурдалган велосипеддер өз ээлерине кайтарылып берилди.

Пикир

Оставить комментарий