• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде имамдар ичимдик саткан дүкөндөрдү текшерүүгө алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ, Майдан айыл өкмөттөрүндөгү диниятчылар арак-шарап саткан күркөлөрдү кыдырып, анын зыяндуулугун айтып, сатпоого чакырышты. Бул тууралуу Марказ айыл өкмөтүнүн имам-хатиби Ибрахим Айткулов "Азаттыкка" билдирди.

"Марказ айыл өкмөтүндөгү бардык имамдар менен чогуу айыл өкмөтүбүздө жайгашкан бардык дүкөндөргө кирип, ичимдик динде арам болуп саналарын, анын артынан көп жамандык иштер орун алып жатканын түшүндүрүп, мүмкүн болсо аны сатпоого чакырдык. Жүрүшүбүз Питомник, Сары-Алтын айылдарынан башталып, Көк-Тал айылына чейин уланды. Сатуучулар эми арак сатпайбыз деп убада беришти", -деди ал.

Айткулов кабарлагандай, алар бул акцияны дагы улантууну көздөшүүдө. Имамдардын түшүндүрүү иштеринен кийин бир топ дүкөндөр арак сатпай калган.

Буга чейин Кыргызстандын бир катар айылдарында арак сатууга тыюу салынып, дүкөндөргө эскертүү берилген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий